Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын  27-ноябры № 124

 

Талас райондук өнүгүү фондуна долбоорду сунуштоо жөнүндө

 

Арашан орто мектебинин бир корпусу 1915-жылы курулуп авариялык абалда болгондуктан, анда жайгашкан китепкана, ашканага тиешелүү жана чарба буюмдарын коопсуз жайга көчүрүү максатында Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз №28 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бердике баатыр айыл аймагындагы Арашан орто мектебинин бир корпусу 1915-жылы курулуп авариялык абалда болгондуктан, анда жайгашкан китепкана, ашканага тиешелүү жана чарба буюмдарын коопсуз жайга көчүрүү максатында контейнер алып берүүгө долбоор даярдалып, каржылоо жагы Талас райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

  

Төрага

Азизбек уулу Улукмырза