Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 12-июну  №12

Токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө

       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 06.06.2023-жылы №01-19/463 чыгыш сандуу  Каныш-Кыя айылдык  кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №8 токтомуна  өзгөртүү киргизүү  жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы  токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 06.06.2023-жылы №01-19/463 чыгыш сандуу  кайрылуусу   эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешине Чаткал районунун түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө салым кошкон Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, коомдук ишмер Сапарбек Кубатбековдун ысымын Каныш-Кыя айылдык кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясынын №8 токтомунун 2–пунктуна  өзгөртүү киргизилсин.

3. Каныш-Кыя айыл аймагына Чаткал районунун түптөлүшүнө  жана өнүгүүсүнө зор салымын кошкон  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, коомдук ишмер Сапарбек Кубатбековдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

4. Сапарбек.Кубатбековдун ысымын Каныш-Кыя айыл аймагына ыйгарууда мыйзамга ылайык жогорку органдарга сунуш берүү боюнча иш алып баруу жагы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик  укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg маалымат      сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго, аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнин бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.

  

     Төрага                                                                                    М.Ш.Аликеев