КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 12-июну №13
Коммерциялык жерлерге аукцион өткөрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 12.06.2023-жылы №01-19/496 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдагы айыл чарба багытындагы эмес калктуу конуштун арасындагы коммерциялык жерлерге аукцион өткөрүү үчүн Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынан 2 (эки) депутат кошуу жана 1 м2 (бир метр квадрат) жерди сатууга бааны коюп берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 12.06.2023-жылы №01-19/496 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдагы айыл чарба багытындагы эмес калктуу конуштун арасындагы коммерциялык жерлердин 1м 2 (бир метр квадрат) жерди сатууга коюлган баа 50 (элүү) сомго бекитилсин жана аукцион өткөрүү үчүн Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынан
- Субаналиев Русланбек
- Андашова Бактыгүл мүчө катары сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага М.Ш. Аликеев