Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Айылдык кеңешинин 4-кезексиз сессиясы

2024-жылдын 22-апрели № 24

Садовое, Александровка, Сретенка айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле жоюлган ишканалардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн Миң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жана “Таза Булак” муниципалдык ишканасына техникаларды жана имаратты оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде

Айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө Садовое, Александровка, Сретенка айыл өкмөттөрүнүн, ошондой эле жоюлган ишканалардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн Миң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына Александровка айылындагы Фрунзе №84 дарегинде жайгашкан имаратты жана керек болгон учурда техникаларды “Таза Булак” муниципалдык ишканасына оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү укугу берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековко жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Саркулов Б.К.