Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 12-июну  №18

Жер-Капчыгай айылын кесип өткөн көчөгө Сатикеев Абаздын ысымын ыйгаруу жөнүндө

       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 23.05.2023-жылы  №01-19/400 чыгыш сандуу    Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылын кесип өткөн чоң көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндөгү   жөнүндө  кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы  токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 23.05.2023-жылы №01-19/400 чыгыш сандуу  кайрылуусу   эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Капчыгай айылын кесип өткөн  чоң көчөгө Сатикеев Абаздын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат     сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн башчысы Б.Исабековго, аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнин бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.

 Төрага                                                                                            М.Ш. Аликеев