Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын

2024-жылдын 27-августу  №25

 

“Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин жооптуу

катчысы жөнүндө”

         Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясында каралып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын ПТ №190 негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы шайланбагандыгын эске алуу менен мекеменин финансылык чыгымдарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында, финансылык документтерине биринчи кол коюу укугу Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин жооптуу катчысы – О.Эшенкуловго милдеттендирилсин.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 Төраганын орун басары

А.Дуйшеев