Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 12-июну  №22

Жаш балдар ойноочу аянтча куруу жөнүндө

       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 10.06.2023-жылы  №01-19/258 чыгыш сандуу    Каныш-Кыя айылынын “Ынтымак” конушунун тургундарынын 04.04.2023-жылы жазган  кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы  токтом кылат:

1.     Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 10.06.2023-жылы №01-19/258 чыгыш сандуу  кайрылуусу   эске алынсын.

2.     Каныш-Кыя айыл  өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын  “Наристе” балдар бакчасынын жанында бош жаткан жерге балдар ойноочу аянтча курууга уруксат берилсин. Жерин бөлүп  тактап берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын .

3.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик

        укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук

        мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат    

        сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4.     Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн башчысы Б.Исабековго, аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнин бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                               М.Ш. Аликеев