Редакцияот 26.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 26-январы №01-5/64

Военно – Антоновка айыл өкмөтүнүн жылдын аягында түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын кошумча кирешелери, ошондой эле 01.01.2023 – жылга калган кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн каражатын бекитүү боюнча

Военно – Антоновка айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Э.Суюндукованын билдирүүсү боюнча айыл өкмөтүнүн жылдын аягында тузүлгөн жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын кошумча кирешелери, ошондой эле 01.01.2023 – жылга калган кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн каражаты жөнүндө угуп жана талкуулап чыгып, Военно – Антоновка айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Айыл өкмөтүнүн жылдын аягында тузүлгөн жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын кошумча кирешелери, ошондой эле 01.01.2023 – жылга калган кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн 15370,0 миң сом каражаты бекитилсин.

2. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу төмөндөгү бөлүм статьяларга:

Бөлүм 70111 ст 2222. 200,0 миң сом (боз үй жана палатка алуу үчүн),

Бөлүм 70629 ст.2221. 2011,0 миң сом. (жарыктандыруу үчүн),

Ст.3111. 12800,0 миң сом (жолдорду асфальттоо үчүн).

жалпысынан 15011,0 мин сом каражаты пайдаланууга бөлүнүп берилсин.

3. Атайын каражат бала бакча бөлүмүнүн 70911 тамак – аш сатып алуу 2218 статьясына 358,9 миң сом.

Кызмат көрсөтүү болүмүнүн 2215 статьясына 0,1 миң сом жалпысынан 359,0 миң сом каражаты пайдаланууга бөлүнүп берилсин.

4. КЭБ башчысы Э.Суюндукова бөлүнгөн каражатты өз убагында төлөп берүүсү камсыз кылынсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Садыковко жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги кагаз түрүндөгү документтин тиркемеси)

 

Төрага

У.Мураталиев