Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024–жылдын 13-сентябрындагы № 49/9-28

 

Сын-Таш айыл аймагын өнүктүрүү жөнүндө

Сын-Таш айыл аймагынын Өтөгөн айылынын жашоочууларынын кайрылууларынын негизинде жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруу максатында, Сын-Таш айыл Кеңеши

 

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

 

1. Рот-Фронт айылындагы үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын чатырын алмаштыруу үчүн, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан 464 483 миң сом өздүк салым  каралсын.

2. Ж.Алыбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин аймагын курчоого, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан 400 000 миң сом өздүк салым  каралсын.

3. Өтөгөн айылын жарыктандырууга, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан 245 702 миң сом өздүк салым каралсын.

4. Жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Чүй областынын өнүктүрүү фондуна, Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондуна жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу дем берүүчү грантка кайрылуу жасалсын. 

5. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлөт.

 

 

Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы:

 

Э.Б.Джолдошбеков