ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-январы № 01-5/68
Катуу таштандыларды чыгаруу тарифин бекитүү жөнүндө
Муниципалдык ишкананын катуу таштандыларды чыгаруу тарифин бекитип берүү жөнүндө катын карап жана талкуулап
Военно-Антоновка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Катуу таштандыларды ташып чыгаруунун тарифин айына ар бир үйдөн жана ижарада жашаган ар бир үй-бүлөөдөн 120 сомдон төлөнүп берилсин.
2. Чарбалык субъектилердин жана жеке ишкерлердин аймагынан таштандылар эсептөө нормалары менен чыгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Военно-Антоновка айылдык кеңешинин Муниципалдык Ишканасынын жетекчиси Ж.А.Бузурманкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М. |