Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024–жылдын 30-августундагы № 43/8-28

 

Ак-Сай айылынын тургуну Күлүмкан Абдиевага “Сын-Таш айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруужөнүндө

Сын-Таш айыл кеңешинин 21.01.2022-жылдын №39/5-28 токтомунун негизинде, Сын-Таш айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө салымын кошкондугу үчүн, Сын-Таш айыл Кеңеши

 

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

 

1. Ак-Сай айылынын тургуну Күлүмкан Абдиевага “Сын-Таш айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгарылсын.

2. Тиешелүү жобонун негизинде Күлүмкан Абдиевага “Сын-Таш айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамына тиешелүү, төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлөт.

 

 

Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы:

 

Э.Б.Джолдошбеков