Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын

2024-жылдын 19-апрели  №2

 

«Таш-Көмүр шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө».

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Таш-Көмүр шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаардык мэриянын 18.04.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо тууралуу” №01-14/1141 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Садырбаевдин  баяндамасы  эске  алынсын.
  2. Таш-Көмүр шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
  3. Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасына жана Таш-Көмүр шаарынын мэрине Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
  4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жөнөтүлсүн.
  5. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
  6. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кеңешинин төрагасы:

 

С.Кудайбердиев