Редакцияот 28.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2024-жылдын 28-майы  №2

 

«Шаардык мэриянын 24.04.2024-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансындагы Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан мүлктөрүн Таш-Көмүр шаардык мэриясына өткөрүп алууга макулдук берүү тууралуу” №01-21/1198 кайрылуу каты жөнүндө».

Шаардык мэриянын 24.04.2024-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансындагы Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан мүлктөрүн Таш-Көмүр шаардык мэриясына өткөрүп алууга макулдук берүү тууралуу” №01-21/1198 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсүн жана депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаардык мэриянын 24.04.2024-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансындагы Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан мүлктөрүн Таш-Көмүр шаардык мэриясына өткөрүп алууга макулдук берүү тууралуу” №01-21/1198 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү  эске  алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 03.04.2024-жылдагы №89 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансындагы Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан мүлктөрүн Таш-Көмүр шаардык мэриясына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
  3. Мүлктөрдү өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Таш-Көмүр шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
  5. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
  6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.

 

 Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев