Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Улахол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын XXII сессиясынын

 

2023-жылдын 19-апрелиндеги № 141

 

 

Шор-Булак айылынын калктуу конушун кеңейтүүгө берилүүчү жердин аятына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Шор-Булак айылынын калктуу конушун кеңейтүүгө берилүүчү жердин аятына өзгөртүү киргизүү боюнча К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Шор-Булак айылынын калктуу конушун кеңейтүүгө берилүүчү жердин аятына өзгөртүү киргизилсин.

 

2. Шор-Булак айылынын калктуу конушун кеңейтүүгө берилүүчү жердин аятына өзгөртүү киргизүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 19-апрелиндеги №141 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Жолалиев