Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Улахол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын XXII сессиясынын

 

2023-жылдын 19-апрелиндеги № 146

 

Улахол айыл аймагынын мониторинг жана баалоо тобун түзүп, курамын бекитүү жөнүндө

Улахол айыл аймагынын мониторинг жана баалоо тобун түзүп, курамын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин депутаты Р.Акишованын билдирүүсүн жана укук, депутаттык этика жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Улахол айыл аймагынын мониторинг жана баалоо тобун түзүлүп, курамын төмөндөгүдөй бекитилсин.

Р.Акишова –Айылдык Кеңештин депутаты; К.Мамбетова –Айылдык Кеңештин депутаты; К.Жумабек уулу –Айылдык Кеңештин депутаты; Э.Арзыбаев –Айылдык Кеңештин депутаты; Ж.Орускожоев –Айылдык Кеңештин депутаты; Г.Саякбаева-аялдар кеңешинин төрайымы; Б.Алымкулов- Кара-Талаа айылынын тургуну.

2. Улахол айыл аймагынын мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улахол айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын уставына ылайык иш жүргүзүү милдеттендирилсин.

 

3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 19- апрелиндеги №146 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин укук, депутаттык этика жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Жолалиев