Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Улахол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын XXII сессиясынын

 

2023-жылдын 19-апрелиндеги № 140

 

 

Шор-Булак айылынын Гараж участогунун түштүк тарабында жайгашкан 5,6 га жайыт жерин айыл өкмөттүн карамагына алуу жана трансформациялоо жөнүндө

Шор-Булак айылынын Гараж участогунун түштүк тарабында жайгашкан 5,6 га жайыт жерин айыл өкмөттүн карамагына алуу жана трансформациялоо боюнча К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Шор-Булак айылынын Гараж участогунун түштүк тарабында жайгашкан 5,6 га жайыт жерин айыл өкмөттүн карамагына алынып жана трансформациялансын.

 

2. Шор-Булак айылынын Гараж участогунун түштүк тарабында жайгашкан 5,6 га жайыт жерин айыл өкмөттүн карамагына алуу жана трансформациялоо боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 19-апрелиндеги №140 токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Жолалиев