Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Улахол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын XXII сессиясынын

 

2023-жылдын 19-апрелиндеги № 142

 

 

Таш-Алыш участогунан 10,0 га жер аянтын суу сактагыч куруу үчүн жерди муниципалдык менчикке алуу жана трансформациялоо жөнүндө

Таш-Алыш участогунан 10,0 га жер аянтын суу сактагыч куруу үчүн жерди муниципалдык менчикке алуу жана трансформациялоо боюнча К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Таш-Алыш участогунан 10,0 га жер аянтын суу сактагыч куруу үчүн жерди муниципалдык менчикке алуу жана трансформациялоого макулдук берилсин.

 

2. Таш-Алыш участогунан 10,0 га жер аянтын суу сактагыч куруу үчүн жерди муниципалдык менчикке алуу жана трансформациялоо боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 19-апрелиндеги №142- токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Жолалиев