Редакцияот 28.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2024-жылдын 28-майы  №5

 

«Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу” №01-21/1479 кайрылуу каты жөнүндө».

Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу” №01-21/1479 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитип берүү тууралуу” №01-21/1479 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун маалыматы  эске  алынсын.
  2. Жогорудагы айтылган сунуштарды эске алып, “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосун бекитүү тууралуу” маселе кийинки сессияга жылдырылсын.
  3. “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин Жобосуна” өзгөртүү толуктоо киргизип, кийинки сессияга даярдап алып чыгуу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
  5. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.

 

 Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев