Редакцияот 28.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2024-жылдын 28-майы  №8

 

«Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын жол кире акыларын көтөрүп берүү тууралуу” №01-21/1484 кайрылуу каты жөнүндө».

Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын жол кире акыларын көтөрүп берүү тууралуу” №01-21/1484 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26 – cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын жол кире акыларын көтөрүп берүү тууралуу” №01-21/1484 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна жана “Транспорт жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Таш-Көмүр шаарынын аймагында маршруттук каттамдарынын жол кире акысы төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин.

-        Шаардагы жалпы мектеп окуучуларына – 10 (он) сом;

-        Башка жүргүнчүлөргө – 20 (жыйырма) сом.

  1. Таш-Көмүр шаарынын аймагында маршруттук каттамдарынын жол кире акысы жогорулагандыгы жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы шаардык мэрияга жана “Аргымак” ААКуна (М.Оконбаев) милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
  3. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.

 

 

 Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев