Редакцияот 28.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын

2024-жылдын 28-майы  №9

 

«Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Эффективдүүлүгүн жоготкон маданият тармагындагы штаттык бирдиктерди каржылоону убактылуу токтотуу тууралуу” №01-21/1481 кайрылуу каты жөнүндө».

Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Эффективдүүлүгүн жоготкон маданият тармагындагы штаттык бирдиктерди каржылоону убактылуу токтотуу тууралуу” №01-21/1481 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26 – cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Эффективдүүлүгүн жоготкон маданият тармагындагы штаттык бирдиктерди каржылоону убактылуу токтотуу тууралуу” №01-21/1481 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Ке=ештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.

2.    Таш-Көмүр шаарынын 2024-жылга жергиликтүү бюджетинде акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу, эффективдүүлүгүн жоготкон маданият тармагындагы төмөндөгү ваканттык штаттык бирдиктерин каржылоо токтотулсун:

·         борборлоштурулган китепканасынын библиографы - 1 штаттык бирдиги;

·         борборлоштурулган китепканасынын реставратору – 0,5 штаттык бирдиги;

·         №1 филиалдын Түндүк китепканасынын жетектөөчү китепканачысы – 1 штаттык бирдиги;

·         №1 филиалдын Түндүк китепканасынын китепканачысы – 1 штаттык бирдиги;

·         №4 филиалдын китепканасынын жетектөөчү китепканачысы – 1 штаттык бирдиги;

·         №4 филиалдын китепканасынын китепканачысы – 1 штаттык бирдиги;

·         Кызыл-Жар шаарчасындагы китепкананын кароолчусу – 1 штаттык бирдиги;

·         Балдар китепканасынын окуу залынын башчысы – 1 штаттык бирдиги;

·         Маданият сарайынын директору – 1 штаттык бирдиги;

·         Маданият сарайынын сүрөтчү жасалгалоочусу – 0,5 штаттык бирдиги;

·         Маданият сарайынын хормейстры – 1 штаттык бирдиги;

·         Маданият сарайынын хореографы – 1 штаттык бирдиги;

·         Түндүк клубунун башчысы – 1 штаттык бирдиги;

·         Шамалды-Сай клубунун башчысы – 1 штаттык бирдиги;

·         Кызыл-Жар клубунун башчысы – 1 штаттык бирдиги

 

3.    Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

4.    Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.

 

 Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кеңешинин төрагасы:

 

 

С.Кудайбердиев