Редакцияот 24.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 24-апрели № 01-5/77

Жер участокторун "жайыт" категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө

М.А.Бейшенбековдун № 340 контурда жайгашкан 5442,94 м2 жер участогун «жайыт» жерлеринен «өнөр жай транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлерге» которуу (трансформациялоо) жөнүндө арызын ошондой эле Военно-Антоновка айыл аймагынын Жайыт комитетинин жерлерди “жайыт” категориясынан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга каршы эместиги жөнүндө катын карап чыгып, инвестиция тартуу жана жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында

Военно-Антоновка айылдык кеңеши чечим кылат:

 

1.  № 340 контурдагы 5442,94 м2 жер тилкесин «жайыт» жерлеринен «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.

2.  Военно-Антоновка айыл өкмөтүнө бул токтомдун ишке ашырылышы боюнча Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жерлерди “жайыт” категориясынан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу боюнча өтүнүч менен кайрылуу жана бардык зарыл чараларды көрүү тапшырылсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

Мураталиев У.М.