Редакцияот 07.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 7-июну № 01-5/82

Комсомол көчөсүндөгү бактарды кыюу жөнүндө

Военно-Антоновка айыл өкмөтүнө Военно-Антоновка айылынын тургундарынан Комсомол көчөсүн бойлой өскөн бактар боюнча келип түшкөн арыздарды Военно-Антоновка айылдык кеңештин отурумунда карап, айыл тургундары менен болгон чогулуштун протоколунун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын биология институтунун токой илимий жана өндүрүштүк борборунун корутундусунун негизинде

Военно-Антоновка айылдык кеңеши чечим каылат:

 

1.  Военно-Антоновка айыл өкмөтү Комсомол көчөсүнүн боюндагы бактарды кыюу боюнча иш алып барсын.

2.  Бак дарактардын маанилүү функцияларын эске алуу менен, кыйылган дарактардын ордуна ар кандай дарак көчөттөрү отургузулсун.

3.  Кыйылган бактардын отунга жарактуусу калктын аз камсыз болгон муктаж үй бүлөлөрүнө таратылсын жана жарактуу бөлүгү кыйылган бактардын дүмүрүн казууга ошондой эле ордун түздөтүп жаңы көчөттөрдү отургузууга жумшалсын.

4.  Бул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысынын орун басары Ш.Т.Мусабаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Мураталиев У.М.