Редакцияот 10.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 10-июлу № 01-5/86

Таштанды таштоочу жайга жана көрүстөнгө жерлерди трансформациялоо жөнүндө

Тынчтык конушунун тургундарынан таштанды таштоочу жайдан жапа чегип жаткандыгы тууралуу келип түшкөн арызын жана Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн кайрылуусун Военно-Антоновка айылдык Кеңештин отурумунда карап,

  Военно-Антоновка айылдык кеңеши, чечим кылат:

 

1.  Военно-Антоновка айыл өкмөтү №553 - контурда жалпы аянты 16,5 га «транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы өнөр жайынын жерлери» багытындагы жерди таштанды жайына 5,5 га жана көрүстөнгө 11,0 га трансформациялоо боюнча иштерин жүргүзсүн.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысы Р.Т.Садыковго жүктөлсүн.

 

Төрага

Мураталиев У.М.