ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-августу № 01-5/88
Муниципалдык ишканага техника сатып алуу жөнүндө
Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн 15.08.2023-жылдагы №1181 катын, ошондой эле Военно-Антоновка Муниципалдык ишкананын 15.08.2023-жылдагы №34 колдо болгон техника жараксыз абалга келип, оңдоого чоң чыгымдарды талап кылат ошондой эле таштанды чыгаруу боюнча айыл тургундарынан көптөгөн арыздар түшүп жаткандыктан атайын техника, тактап айтканда таштанды ташуучу экскаватор сатып алуу жөнүндө кайрылуусун карап
Военно-Антоновка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Военно-Антоновка айыл өкмөтү, айылдык кеңештин 2023-жылдын 26-январындагы №01-5/67 «2023-жылдын бюджетин кабыл алуу жөнүндө» токтомуна ылайык (№2 тиркеме) Новопавловка айыл өкмөтүнө канализация системасын оңдоо үчүн кредитордук карызын төлөөгө коюлган акча каражаты Военно-Антоновка айылдык кеңешинин муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Жаңы техника алууга бюджетте каражаттын жетишсиздигин эске алуу менен Военно-Антоновка айыл өкмөтү 2010-жылдан кем эмес таштанды ташуучу унаа - эксковатор алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысы Р.Т.Садыковго жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М. |