Редакцияот 25.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-сентябры № 01-5/93

Администрациялык-аймактык реформа жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, Военно-Антоновка айыл аймагында 2023-жылдын 20-сентябрында болуп өткөн айылдык жыйындын №6 протоколуна ылайык Военно-Антоновка айыл аймагынын калкынын санынын көптүгү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жер мунапысына ылайык дагы 15-20 миң адам отурукташып жаткандыгы ошондой эле 2025-жылы Бишкек шаарынын аймагына киргизүү планында каралгандыгына байланыштуу

  Военно-Антоновка айылдык кеңеши жергиликтүү элдин пикирин эске алуу менен чечим кылат:

 

1.  Администрациялык-аймактык реформанын жүрүшүндө Военно-Антоновка айыл аймагы өз алдынча калтырылсын.

2.  Бул токтом Военно-Антоновка айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жөнөтүлсүн.

 

Төрага

Мураталиев У.М.