Редакцияот 25.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-сентябры № 01-5/96

Жер участокторун «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай, траспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө

«Азор KG» ЖЧКсынын «РИОМ Авто» унаа базарынын жанында региондор аралык каттоо секторунун "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн батыш бөлүгүндө жайгашкан №143 контурдагы 1,3 га аянттагы жер тилкесин, №144 контурдан 4,0 га көлмө жерин бажы кампасын куруу үчүн бөлүп берүү боюнча кайрылуусун карап, «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга, инвестицияларды тартуу ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана республикалык бюджетти толтуруу максатында

Военно-Антоновка айылдык кеңеши:

 

1. № 143 контурдагы аянты 1,3 га - жайыт, № 144 контурдагы аянты 4,0 га - көлмө жер участокторун «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Военно-Антоновка айыл өкмөтү бул жерлерди “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу өтүнүчү менен Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына кайрылуу жагы жана бул токтомду ишке ашыруу үчүн бардык зарыл чараларды алып баруу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т. Садыковго жүктөлсүн.

 

Төрага

Мураталиев У.М.