ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-ноябры № 01-5/99
Жер участокторун «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай, траспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө
Жер участокторун берүү боюнча Сокулук райондук комиссиясынын 2023-жылдын 17-ноябрындагы Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн территориясындагы №143, 144 контурларындагы жалпы аянты 5,3 га жерди бажы кампасын куруу үчүн «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай, траспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө материалдарын жана корутундусун карап чыгып, инвестиция тартуу максатында жана жергиликтүү бюджетти толтуруу үчүн
Военно-Антоновка айылдык кеңеши чечим кылат:
1. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн территориясындагы №143, 144 контурларындагы жалпы аянты 5,3 га жердибажы кампасын куруу үчүн «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай, траспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча Военно-Антоновка айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынсын жана иш аракеттер жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысынын орун басары Ш.Т.Мусабаевке жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М. |