ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-ноябры № 01-5/101
Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер жөнүндө
Военно – Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын бюджет жөнүндө Мыйзамына ылайык, “Бирдиктүү салык” 2023-жылдан баштап 100% республикалык бюджетке түшө турган болуп өзгөртүлгөндүктөн 2023 – жылга карата республикалык бюджеттен бирдиктүү салыктын суммасы 4544,2 миң сом суммасындагы максаттуу трансферттин түшүүсүнө байланыштуу
Военно – Антоновка айылдык кеңеш чечим кылат:
1. Келип тушкөн каражат жалпысынан 4544,2 миң сом төмөнкү бөлүмдөргө статьяларга коюлсун
· Бөлүм 70111 ст.3112 – 350,0 миң сом компьютер сатып алуу,
· Бөлүм 70629 ст.2215 – 928,2 миң сом көрктөндүрүү үчүн,
ст.2221 – 300,0 миң сом суу түтүктөрүн оңдоо,
ст.3111 - 300,0 миң сом трансформатор орнотуу,
· Бөлүм 70821 ст.2215 – 55,0 миң сом газета журналга жазылуу,
· Бөлүм 70911 ст.2221 – 711,0 миң сом бала бакчага жабык навес,
· Бөлүм 70921 ст.2221 – 1700,0 миң сом учурда оңдоо иштери үчүн,
· Бөлүм 71092 ст.2721 – 200,0 миң сом материалдык жардам үчүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Садыковко жүктөлсүн.
3. КЭБ башысы Суюндукова Э. бөлүнгөн каражаттарды өз убагында төлөөнү камсыз кылсын.
Төрага | У.Мураталиев |