ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-ноябры № 01-5/102
Военно-Антоновка мектеп гимназиясындагы
бүтпөй калган курулушту куруу жөнүндө
Военно-Антоновка мектеп гимназиясынын директорунун класстык бөлмөлөрдүн кескин жетишсиздигинен улам класстарга ички ажаткана үчүн мурда пландаштырылган курулушту класстык бөлмө катары пайдаланууга куруп бүтүрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап
Военно-Антоновка айылдык кеңеши чечим кылат:
1. Класстык бөлмөлөрдүн кескин жетишсиздигине байланыштуу бул курулушту класстык бөлмө катары бүтүрүүгө макулдук берилсин.
2. Военно-Антоновка айыл өкмөтү курулушту бүтүрүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүп, ошондой эле керектуу жабдуулар менен камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысынын орун басары Ш.Т. Мусабаевке жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М. |