КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 16-марты № 68/XXI - 9
«Каинда – Сервис» муниципалдык ишканасын Кайыңды шаарынын
мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгына
кошуп, бириктирүү жолу менен кайра уюштурууга макулдук берүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92 беренесинин негизинде , "Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык , бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга, шаардын муниципалдык ишканаларынын жана мекемелеринин штаттык санын тартипке келтирүүгө байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. «Кайында-Сервис» муниципалдык ишканасын Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгына бириктирүү жолу менен кайра уюштурууга макулдук берилсин.
2. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгы зарыл болгон документтерди Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Табигый монополиялар жөнүндө"Мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жиберсин.
3.Кайыңды шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык менчик боюнча бөлүмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында уюштуруу документтерин кайра каттоодон өткөрсүн.
4.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Т. Иманкулов |