КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVI сессиясы
2024-жылдын 20-августундагы № 28-46/3
Кʏрѳѳгѳ коюуга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 14-августундагы чыг:№01-16-3999 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVI сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын мэриясына, “Каракол шаарын суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу ʏчʏн, 5 500 000 (беш миллион беш жʏз миң) евро ѳлчѳмʏндѳгʏ кредитти алуу ʏчʏн кʏрѳѳгѳ коюуга, Каракол шаарынын муниципалдык менчигинин тѳмѳнкʏ обьекттерине макулдук берсин:
- “Суу тʏтʏк” муниципалдык ишканасын;
- “Каракол шаарындагы муниципалдык базар” “Макиш” муниципалдык ишканасын;
- “Каракол шаарындагы муниципалдык базар” “Бугу” муниципалдык ишканасын;
- ЭкскаваторJCB 4cx.
-
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи орун басары Т.Ж.Асирдинова