Редакцияот 04.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVI сессиясы

 

2024-жылдын 20-августундагы №28-46/4

 

Каракол шаарынын муниципалдык менчигине кыймылсыз мʏлкʏ жана курулуштары бар жер тилкесин кабыл алууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ

 

   Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 20-августундагы чыг:№01-16-4052 кайрылуу катын  карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVI сессиясы,

                                                                токтом кылат:

 

  1. Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Каракол шаары Кыдыр Аке №5/3 дарегинде жайгашкан мамлекеттик акт серия Ч №348155 «Экодан» тегирменин кыймылсыз мʏлкʏ жана курулуштары менен жалпы аянты, 5105 м2  жер тилкесин жана мамлекеттик акт серия Ч №864435, жер тилкесинин жалпы аянты 13703,1 м2 муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
  1. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3. Токтом ММКларда жарыялансын.

 

4.   Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 Тѳраганын биринчи орун басары                                                Т.Ж.Асирдинова