КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы
2024-жылдын 29-августундагы № 28-47/1
Каракол шаарынын жылуулук электр борборун (ТЭЦ) ѳткѳрʏп берʏʏгѳ макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 26-августундагы чыг:№01-16-4157 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы,
токтом кылат:
- Масалиев №24А кѳчѳсʏндѳ жайгашкан Каракол шаарынын жылуулук электр борборун (ТЭЦ) инвестициялык долбоорго ѳткѳрʏʏгѳ, Каракол шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
- Каракол шаарынын мэриясы инвестициялык долбоорду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттиги менен макулдашсын.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов