Редакцияот 04.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы

 

2024-жылдын 29-августундагы № 28-47/8

 

Акча каражатын бѳлʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Э.А.Айсаракуновдун, 2024-жылдын 28-августундагы чыг:№01-16-4197 кайрылуу катын  карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXXVII сессиясы,

токтом кылат:

 

1.    Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 2024-жылдын жергиликтʏʏ бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы менен, С.Матниязовага батир сатып берʏʏ ʏчʏн, Каракол шаарынын мэриясына акча каражатын таап, баалоонун жана базар баасынын негизинде бѳлʏп берсин.

2.    Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3.    Токтом ММКларда жарыялансын.

4.    Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык  Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына  жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине  жүктөлсүн.

 

  Тѳрага                                                                                   Т.Ж.Акимканов