Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 18- чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-сентябры  №3/1

Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу, Дыйкан, Калинин, Терек-Суу айылдарынын башкы пландарын бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине жана Жер кодексинин 18-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык кеңеши  ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Суу, Дыйкан, Калинин, Терек-Суу айылдарынын башкы пландары бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышы жана тиешелуүү иш кагаздары менен камсыздоо  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиев милдеттендирилсин.

Төрага

Ж. Иманкулов