Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 18- чакырылышынын 3- кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 16-сентябры  №3/2

 

Кара-Суу айыл аймагынын 2024-жылдын 8 айлык аткарылышы жана социалдык-экономикалык  өнүктүрүү программасынын жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Кара-Суу айыл аймагынын 2024-жылдын жарым жылдыгына     социалдык-экономикалык  өнүктүрүү программасынын жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчету «канааттандырарлык» деп белгиленсин.

2.     Бул  токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.

Төрага

Ж. Иманкулов