ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык кенешинин 28-чакырылган кезексиз XXVΙΙ (жыйырма жетинчи) сессиясы
2024-жылдын 08-февралы №181/XXVΙΙ-28
Кыргыз Республикасынын №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосунунун 18-пунктусунун, “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 5-пунктусунун негизинде Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан калктуу конушта буга чейин ээлеп келген турак-жайларга тиешелүү жер тилкелерин бекитип берүү жөнүндө
2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 номерлүү “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 5-пунктусунун, Кыргыз Республикасынын №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосунунун 18-пунктусунун негизинде Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан калктуу конушта буга чейин ээлеп келген турак-жайларга тиешелүү жер тилкелерин бекитип берүү максатында Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл аймагында жайгашкан Карагай-Булак, Тогуз-Булак, Горная-Серафимовка, Алмалуу, Жогорку-Ичке-Суу, Ичке-Суу, Норус, Үч-Эмчек жана Таш-Башат айылдарында жайгашкан жана буга чейин ээлеп келген үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин 3000м² ашпаган өлчөмдө бекитилип берилсин.
2. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн чечими чыккандан кийин, жер тилкелерин менчик укугун мамлекеттик каттоону мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ысык-Ата филиалында 30(отуз) күн ичинде катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай, муниципалдык менчик боюнча адисинин убактылуу милдетин аткаруучу М.Бозжигитовго жүктөлсүн.
4. Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага |
| Ж.Бейшекеев |