Редакцияот 08.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Ысык-Ата айылдык кенешинин 28-чакырылган кезексиз XXVΙΙ (жыйырма жетинчи) сессиясы

 

2024-жылдын 08-февралы №180/XXVΙΙ-28

 

Тогуз-Булак айылынын Бейшеналиев көчөсүнүн №944 контурундагы 1,30га жер тилкесинин ген.планын бекитип берүү жөнүндө

“ Ысык-Ата айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын Бейшеналиев көчөсүнүн №944 контурундагы 1,30га жер тилкесинин ген.планын бекитүү жөнүндө” маселени карап,талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1. Ысык-Ата айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын Бейшеналиев көчөсүнүн №944 контурундагы 1,30га жер тилкесинин ген.планын бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Ысык-Ата архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан ген.планды макулдашуу жагы суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ысык-Ата филиалынан көрсөтүлгөн тартипте каттоодон өткөрүү жагы суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын жер жана агрардык иштер боюнча туруктуу комиссия көзөмөлгө алсын.

5. Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Төрага

 

Ж.Бейшекеев