Редакцияот 15.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 15-февралындагы № 3

 

Долбоорду бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Ак-Башат айылындагы “Ак тилек” балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоору боюнча маалыматты угуп жана талкуулап көөмчулукту өнүктүрүү жана инвестиция тартуу (КӨИА) 3-АИД программасынын алкагында COVID-19га каршы аракеттенүү боюнча Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1. Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестиция тартуу 3-АИД COVID-19га каршы аракеттенүү программасынын алкагында Ак-Башат айылындагы “Ак тилек” бала бакчасын капиталдык оңдоо” долбоору 5655,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Шаршекеева, 2024-жылдын бюджетинде долбоорду каржылоого 402,6 миң сом акча каражаты каралсын.

3. Жооптуу катчы А.Байгазиева “Жайыл пресс” жергиликтүү райондук гезитине жарыялап, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин айылдык кеңештин бюджет боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрайымы

 

Н.Садыкова