Редакцияот 28.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын

2024-жылдын 28-июну  №4

 

«Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын I кварталында жүргүзгөн иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу отчету жөнүндө».

“Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын I кварталында жүргүзгөн иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу” Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы У.Исабековдун отчетун угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 28- cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын I кварталында жүргүзгөн иштери жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген акча каражаттардын пайдаланышы тууралуу” Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгынын башчысы У.Исабековдун отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.    Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

3.    Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

 

 Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу:

 

 

С.Бабатаев