Редакцияот 28.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын

2024-жылдын 28-июну  №5

 

«Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде (бала бакча) балдарга жана мектептерде 2023-2024-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө ШБББ маалыматы».

“Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде (бала бакча) жана мектептерде 2023-2024-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө” Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.Эргешованын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 28- cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Шаардын аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде (бала бакча) жана мектептерде 2023-2024-окуу жыл ичинде окуучуларга билим тарбия берүүнүн абалы жөнүндө” Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.Эргешованын маалыматы эске алынсын.
  2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
  3. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

 

 Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу:

 

 

С.Бабатаев