Редакцияот 28.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын

2024-жылдын 28-июну  №7

 

«Коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн аткарган иштери тууралуу маалыматы».

“Коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн аткарган иштери тууралуу” шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги К.Абдиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезектеги 28 - cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн аткарган иштери тууралуу” шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги К.Абдиевдин маалыматы эске алынсын.
  2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
  3. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

 

 Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу:

 

 

С.Бабатаев