Редакцияот 26.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 26-апрелиндеги № 12

 

Жергиликтүү бюджеттин 2024-жылдын 1-чейрегинде киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин, 2024-жылдын 26-апрелиндеги Ак-Башат айылдык кеңештин отурумунун чечиминин негизинде айылдык кенеш токтом кылат:

 

1. Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовдун жергиликтүү бюджеттин 2024-жылдын 1-чейрегинде киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча отчетту эске алынсын.

2. Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу максатында Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Азаматов, 2025-2030 жылдарга Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин өнүктүрүү максатында “Перспективдүү план” иштелип чыксын.

3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу милдети жер маселелри боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

Н.О. Садыкова