АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-мартындагы № 7
Айыл чарба багытындагы жер участогуна келишимди бузуу жөнүндө
Жер маселелери боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы И.С. Рыскуловдун “Айыл чарба багытындагы жер участогу жөнүндө келишимди бузуу тууралуу” сүйлөгөн сөздөрүн угуп жана талкуулап, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Азаматов К.Б. 2024-жылдын 20-мартына чейин, 2024-жылдын 1-январына карата ижара акысы боюнча карызы бар бардык ижарачыларга билдирүү жөнөтүлсүн, эгерде ижара акысы төлөнбөсө, түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу бузулсун.
2. Ижара акысын жана салыктарын төлөбөгөн ижарачыларды Жайыл районунун покуратурасына жаа карамагындагы сот органдарына берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети жер маселелер боюнча депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Садыкова |