Редакцияот 28.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын

2024-жылдын 28-июну  №10

 

«Шаардык мэриянын 26.06.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планындагы максаттарга республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын бөлдүрүү тууралуу” №01-21/1849 кайрылуу каты жөнүндө».

Шаардык мэриянын 26.06.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планындагы максаттарга республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын бөлдүрүү тууралуу” №01-21/1849 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 28- cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Шаардык мэриянын 26.06.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планындагы максаттарга республикалык бюджеттен кошумча акча каражатын бөлдүрүү тууралуу” №01-21/1849 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин билдирүүсү эске алынсын.

2.    Шаардык мэриянын 26.06.2024-жылдагы №01-21/1849 сандуу кайрылуу катында көрсөтүлгөн Таш-Көмүр шаарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планындагы максаттарга республикалык бюджеттен кошумча 200 000 000 ( эки жүз миллион) сом акча каражаты максаттуу трансферт катары суралсын.

3.    Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

4.    Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

 

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.

 

 Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу:

 

 

С.Бабатаев