АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 6-мартындагы № 5
2024-жылга социалдык–экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Ш. Абелдеевдин Ак-Башат айыл аймагынын 2024-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык планын угуп жана талкуулап Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Ак-Башат айыл аймагынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “ak-bashat.kg” сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Ш.Абелдеевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.О. Садыкова |