Редакцияот 28.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын

2024-жылдын 28-июну  №13

 

«Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-2027-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу жөнүндө».

Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-2027-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХX чакырылышынын кезектеги 28- cессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-2027-жылдарга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумашевдин маалыматы эске алынсын.

2.    Шаардын 2025-2027-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун алгачкы божомолу № 1; 2; тиркемелерге ылайык жактырылсын.

3.    Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-2027-жылдарга жактырылган алгачкы божомолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

5.    Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Джумашев) жүктөлсүн.

 Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кенешининтөрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу:

 

 

С.Бабатаев