САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ХХУ111 чакырылышынын № 35 сессиясы
2023-жылдын 3-февралындагы № 116
Айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин долбоору жөнүндө
Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Орозбакованын жана айыл өкмөтүнүн карамагындагы мекеме, ишканалардын сунуштарына ылайык, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарына таянып жана “2022-жылга Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке алып Алдашев айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Орозбакованын 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчету эске алынсын.
2. Саруу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга келип түшүүчү кирешелердин көлөмү № 1 тиркемеге ылайык 36651,6 мин сом өлчөмүндө, атайын каражаттарынан 1515,2 мин сом жалпы суммасы 38166,8 мин сом көлөмүндө бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттен 2023-жылга каржылануучу чыгымдардын көлөмү № 2 тиркемеге ылайык 38166,8 мин сом көлөмүндө бекитилсин.
4. 2024-жылга карата бюджеттин долбоору № 3 тиркемеге ылайык 38835,6 миң сом өлчөмүндө болжолдонсун.
5. 2025-жылга бюджеттин долбоору № 3 тиркемеге ылайык 40260,6 миң сом өлчөмүндө болжолдонсун.
6. Айыл өкмөтү боюнча жалпы эмгек акынын көлөмү 8674,2 мин сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын .
6.1 Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине 19 штаттык бирдиги 7550,6 миң сом эмгек акысы менен бекитилсин.
6.2 Саруу айылдык маданият үйүнүн кызматкерлерине 4 штаттык бирдиги 569,6 миң сом эмгек акысы менен бекитилсин.
6.3 Айылдык китепкана кызматкерлерине 2 штаттык бирдиги 319,5 миң сом эмгек акысы менен бекитилсин.
6.4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрь айынын № 511 токтомуна ылайык Мамажан атындагы “Нур” балдар бакчасынын реабилитациялык борборунун кызматкерлери 5 штаттык бирдиги 234,5 миң сом эмгек акысы жана соц. фондук чегерүүлөрүнө 40,5 миң жалпы 275,0 миң сом менен бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүүчү булактар болгон жер салыгын,транспорт салыгын, а.ч. багытына кирбеген салыкты, огород салыгын, таштандыларды чыгаруу боюнча салыкты ж.б. салыктын түрлөрүн дыйкандардан жана салык ээлерин өз убагында жыйнап бюджетке түшүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси А.Чыныбаевке милдеттендирилсин.
8. Бюджетте каралган чыгымдар кырдаалга жараша беренеден беренеге, кварталдан кварталга,бөлүмдөн бөлүмгө айыл өкмөтүнүн буйругу менен жана бюджет-финансы комитетинин макулдугу менен жылдырууга мүмкүндүк берилсин жана которуп туура пайдалануу жагы финансы экономика бөлүмүнун башчысына А.Орозбаковага милдеттендирилсин.
9. Ижарага берилген КБФ дунун жерлерине тузулгон келишимдерди тактоо жагы айыл округунун жер боюнча адиси Б.Минбаевке , ижара акыны чогултуп бюджетке түшүрүү жагы А.Чыныбаевке милдеттендирилсин.
10. Мектеп окуучулары жана балдар бакчасындагы пайдаланылган таза суу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен ИСКАКБнын эсебине 153,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. «Альфа» Мегаком компаниясынын Саруу айылындагы спорт мектебинин жанындагы уюлдук антеннасы турган жер аянтына ай сайын ижара акы үчүн түшүүчү 5000 (беш мин) сом акча каражаты бир жылга жалпы 60000 сом спорт мектебинин спорт оюндары үчүн пайдаланылсын.
12. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуучу суунун башындагы суу топтолуучу жайды кайтаруучу кароолчунун эмгек акысына 96000, сом жана социалдык чегерүүлөрүнө 16560 сом контрактык келишимдин негизинде бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 112560 сом акча каражаты кошумча кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
13. Аксакалдар сотунун эмгек акысына 60000 сом жана социалдык чегерүүлөрү үчүн 10350 сом контрактык келишимдин негизинде бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 70350 сом акча каражаты кошумча кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
14. Саруу айыл аймагындагы көчө жарыгына орнотулган электр чубалгыларын жарык берилүүчү лампочкаларын жана айыл өкмөтүнүн имаратынын электр чубалгыларын оңдоп турууга контрактык келишимдин негизинде эмгек акысына 72000 сом жана социалдык чегерүүлөрүнө 12420 сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 84420 сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
15. Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө мамлекеттик сатып алуулар боюнча электрондук веб-порталга бекитилген план боюнча жарыя берүүгө жана тиешелүү документтерди тактап иш алып барууга, контрактык келишимдин негизинде эмгек акысына 120000 сом жана социалдык чегерүүлөрүнө 20700 сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 140700 сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
16. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы алма-бакты кайтарып, багып өстүргөн бакчынын бир жылдык эмгек акысына 150000 сом, соц.фонддук чегерүүлөрүнө 25875 мин сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 175875 мин сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
17. Айыл өкмөтүнө от жагуу мезгилинде от жагуучуга алты айлык мөөнөт менен эмгек акысы 30000 сом жана социалдык чегерүүлөрүнө 5175 мин сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 35175 сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
18. Саруу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө салык кызматкерине салык жыйноо боюнча жардамчыны 10 айлык мөөнөт менен контрактык келишимдин негизинде эмгек акысына 100000 сом, соц.фонддук чегерүүлөрүнө 17250 сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 117250 мин сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
19. Айыл өкмөтүндөгү орг. техникаларды (компюьтер, принтер)ондоп, карап турууга айтишник кызматкерди 10 айлык мөөнөт менен эмгек акысы 100000 сом соц.фонддук чегерүүлөрүнө 17250 сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 117250 мин сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
20. Саруу айыл өкмөтүнүн алдындагы “Саруу-Жууку” СПАсынын кызматкерлерине жана мураптарына 8 айлык мөөнөт менен эмгек акысы 320000 сом соц.фонддук чегерүүлөрүнө 55200 сом бюджеттин аппарат бөлүмүнөн жалпы 375200 сом акча каражаты кызмат көрсөтүү беренесинен каралсын.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБММА нын 2016-жылдын12- октябрындагы №01-24 166 буйругунун негизинде айылдык кенештин төрагасына жылдык эмгек акысына 6500 мин сом жана социалдык чегерүүлөрү үчүн 1121 мин сом жалпы 7621 мин сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
22. Айыл аймагынын накталай жүгүртүлүүчү акча каражаты 200000 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
25. Долбоорлорду колдоо үчүн өздүк салым катары жергиликтүү бюджетен 1800,0 миң сом акча каражаты Ж.Чабалдаев атындагы жалпы билим бер орто мектебинин кичи футбол аянтчасын курууга каралсын.
26. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен резервдик фондго 366,5 мин сом акча каражаты каралсын.
27. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы Мамажан атындагы “Нур” балдар бакчасынын 2023-жылга ата-энелерден алынуучу взнос 800 сомдон каралсын , 2023-жылдагы атайын каражаттарынын киреше бөлүгүнүн планын 1515,2 мин сом көлөмүндө бекитилсин.
28. ЖКХ бөлүмүндөгү транспорттук чыгымдар беренесиндеги күйүүчү май үчүн каралаган 692,3 мин сом айыл ичиндеги иштер үчүн жумшалсын.
29. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы С.Сыдыков , Ж.Чабалдаев орто мектебинин жана Санатория башталгыч мектептеринин башталгыч класстагы окуучулардын ысык тамагы үчүн 444,4 мин сом жана Мамажан атындагы “Нур ” балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын тамак ашына 686,1 мин сом акча каражаты каралсын.
30. Айыл өкмөтунүн имаратына жана Ж.Чабалдаев атындагы орто мектебине көмур алууга 426,0 миң сом акча каражаты каралсын.
31. Санатория жана Жууку айылынын жашоочуларынын мектепте окууган балдарын Кызыл-Суу жана Саруу айылына мектепке окууга ташуу үчүн кызмат көрсөтүү беренесинен 880,0 миң сом акча каражаты каралсын.
32. Жыл ичинде боло турган спорттук жана улуттук оюндар үчүн жалпы 820,0 мин сом акча каражаты каралсын.
33. Мектеп окуучуларынын спорттук оюндарына 240,0 мин сом акча каражаты каралсын.
34. Кызмат учурунда майып болуп калгандыгына байланыштуу Урдавлетов Сыртбайга компенсациялык төлөө үчүн 26100 сом майыптыгы учун акча каражаты каралсын.
35. Өзгөчө кырдаалга 1000,0 млн сом акча каражаты бекитилсин. Каралган акча каражаты пайдаланбай калса башка беренелерге жумшалсын.
36. “Саруу-Дан Сервис” Машина трактордук станциясы муниципалдык ишканасына лизинге алынган комбайндардын кредиттик проценттерин төлөө үчүн 1291,7 мин сом акча каражаты каралсын.
37. С.Сыдыков атындагы негизги жалпы билим берүү мектебинин короосун брусчаткалоого 1145,3 мин акча каражаты каралсын.
38. Айыл аймагындагы көчөлөргө кум-шагыл төгүп грейдерлөөгө 1500,0 мин сом, көпүрөөлөрдү коюга 1200,0 мин сом жана стационардык раскол орнотууга 600,0 мин сом акча каражаты каралсын.
39. Айылдык Маданият үйүнүн ички жана тышкы ремонтуна 1575,0 мин сом акча каражаты каралсын.
40. Саруу айыл өкмөтүнүн алдындагы “Саруу-Жууку” СПАсынын суу каналдарындагы суу бөлүштүрүүчү калактарды ж.б. керектүү шаймандарын алууга 310,0 мин сом акча каражаты каралсын.
41. Каралган жергиликтуу бюджетти макулдашуу райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
42. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин Финансы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
40. Токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
Айыл кеңешинин төрагасы |
| А.Оморова |