Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕНЕШИ

ТОКТОМ

ХХУ111 чакырылышынын № 35 сессиясы

 

2023-жылдын 3-февралындагы № 119

 

Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын 1-январына карата атайын эсептик счетунун эркин калдыгынын сметасын бекитуу жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Орозбакованын 2023-жылдын 1-январь айына карата атайын эсептик счетунун эркин калдыгынын сметасы жөнүндөгү билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Алдашев айылдык Кенешинин сессиясы т о к т о м к ы л а т:

 

1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2023-жылдын 1-январына карата «Нур» балдар бакчасынын атайын эсептик счетунун эркин калдыгынын сметасы 456070 сом 87 тыйын өлчөмүндө бекитилсин (сметасы тиркелет)

 

2. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын атайын эсептик счетунун калдыгы 2023-жылдын 1-январына карата эркин калдыгынын сметасы 2380 сом өлчөмүндө бекитилсин. (сметасы тиркелет)

 

3. Акча каражатын сметага ылайык сарпталышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Орозбаковага милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенешинин Финансы бюджети боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Айыл кеңешинин төрагасы

 

А.Оморова