САРУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДАШЕВ АЙЫЛ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
ХХУ111 чакырылышынын № 37 кезексиз сессиясы
2023-жылдын 5-апрелиндеги № 126
Ж. Чабалдаев атындагы Саруу жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы курула турган имаратына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ж. Чабалдаев атындагы Саруу жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы курула турган имаратына жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап Алдашев айыл кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Саруу айыл өкмөтүнүн балансасында турган 7-апрель Баатыры Шамбетов Рустан атындагы спорт аянтчасынын 7000 м.кв жер тилкесине Ж.Чабалдаев атындагы Саруу жалпы орто билим берүү мектебинин жаңы курула турган имаратын курууга уруксаат берилсин.
2. Саруу айыл өкмөтүнүн балансасында турган 7-апрель Баатыры Шамбетов Рустан атындагы спорт аянтчасында жайгашкан трибунаны бузууга уруксаат берилсин.
3. Ж. Чабалдаев атындагы Саруу жалпы орто билим берүү мектебинин бузула турган эски корпусунун ордуна курулган спорт аянтчасына 7-апрель Баатыры Шамбетов Рустандын ысмы калтырылсын.
4. Курулуш иштерине тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге милдеттендирилсин .
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айыл кеңешинин төрагасы |
| А.Оморова |